Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбиялык иштер


 


Транспорт жана робототехника институту студенттик жашоонун билим берүү гана эмес, маданий, спорт жана патриоттук жаатында дагы кам көрөт. Ал үчүн деканатка, кафедраларга жана мугалимдерге жоопкерчилик дайындалат. Институттун студенттери сабактан тышкаркы иш-чараларга катышуу менен өзүлөрүнүн ички дүйнөөсүн моралдык, маданий байытуунун максаттарына ылайык, аларда техникалык эле шыктарын өстүрбөстөн, ошондой эле чыгармачылык, уюштуруучулук, социалдык, коомдук жөндөмдөрүн калыптандырышат. Ошентип, сүйүктүү университеттин жөн гана жогорку класстагы адис эмес, көз карашы кеңири жайылган жана ички потенциалы ачылган адам катары окуу жайды бүтүп кетет.

Студенттик арноо

 

Студенттик арноо кечеси университетдеги салтка айланган майрамдардын бири.  Анда ар бир институт өзүнүн биринчи курсунун студенттерин жарыялап жана алар өз кезегинде 4 жыл үй-бүлө болуп кала турган институттун намысын коргойт. Институттар арасындагы салтка айланган конкурсттар атаандаштыкты гана жаратпастан, достукту жана байланышты жаратып, коомдук өз ара аракеттенүүнүн бекем негизин түзөт. Ошондой эле институттардын ортосундагы байланышты жеңилдетет. Транспорт жана робототехника институту  бул иш-чараларга активдүү катышып,  жылдан жылга эң татыктуу экенин даңазалап келет.

Студенттик күн

 

Студенттерге арноо салтанаты өтөөрү менен студент расмий түрдө студент болуп саналат, бул майрамды бүткүл студенттик дүйнө белгилейт. Албетте биздин университет дагы артта калбайт. Өткөрүлүп жаткан концерт жана башка маданий иш-чараларга биздин факультет өз салымын кошуп активдүү катышып келет.

КВН

 

КМТУнун  "Көңүлдүү жана тапкычтар клубунун" күчтүү кыймылы көптөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап, өстүрүп келет. Транспорт жана робототехника институтунун бир кездеги студенттери, азыркы кезде биздин өлкөгө аттын кашкасындай таанымал "1.1 Studio" чыгармачыл бирикмесинин резиденттери. 2018 - 2019-жылдары факультеттер арасында өткөрүлгөн КВН лигасында институттун атынан  " Фантастические твари машиностроения "командасы катышып, региондук лига КВНге  жолдомо алышты.

Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралар

 

Транспорт жана робототехника институтунун студенттери институттар арасында гана өтулгөн иш-чараларга активдүү катышпастан, мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга да активдүү катышып келишет. Ала-Тоо аянтынында өткөрүлгөн  Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо эң активдүү катышышкан. Албетте башка маанилүү иш-чараларга да, мисалы, Жеңиш күнүнө карата уюштурулган «Жеңиш вальсы» аттуу флешмобто дагы өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшкөн.

Спорт

 

Спорт бул – университеттин  жашоосунун маанилүү бөлүгү. Университет студенттердин спорттук иш-аракеттерин ар дайым кубаттайт жана бул жагынан аларга колдоо көрсөтөт. Администрация жана окутуучулар жамааты да четте калбай, уюштурулган футболдук беттештерге жана жарыштарга катышат. Мындан тышкары, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган "Урмат үчүн салгылаш" мелдешинде студенттер спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, институттун өкүлдөрү үзгүлтүксүз жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатышат.

Коомдук иш-чаралар

 

Педагогикалык, административдик жана студенттик жамаат - бул биздин коомдогу аялуу катмарга жан дили менен жардам берүүгө жана бирдей чоң адилеттүүлүккө ээ адамдар. Ошентип, институт жамааттар менен биргеликте, балдар үйлөрүнө жана карылар үйүнө саякат уюштуруп турушат. Мындай кыдыруучу топтор материалдык жактан гана эмес, акыл-эс жагынан да жардам берүүгө аракет кылып, адамдарга жагымдуу эмоциялар тартуулап келишет.

 

Ишембилик

 

Белгилуу саясий жана коомдук ишмер И.Раззаков айткандай: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!”, деп студенттер абийир тазалыгына гана маани беришпестен, өз каалоосу менен университеттин айланасын  тазалоого байма-бай чыгып турушат. Ошондуктан тазалык ичинде гана эмес, сыртында дагы болот.