Сулайманкулова Мээрим Бекболотовна
ф.и.к., доцент
И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты.
1986-жылы 30-октябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында төрөлгөн.
Билими:
- 1993-2004-жылдары Т.Байбураев атындагы Эмгекчил орто мектеби;
- 2004-2009-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультети;
- 2009-2012-жылдары КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун аспирантура бөлүмү.
Эмгек жолу:
- 2022-ж. бүгүнкү күнгө чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти;
- 2018-2022-ж. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти;
- 2011-2018-ж. Ж.Баласагын ат. КУУнун Кесиптик колледжинин экономика бөлүмүнүн окутуучусу;
- 2009-2011-ж. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун экономика бөлүмүнүн окутуучусу.
Сыйлыктары:
- КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси, (2022);
- КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ыраазычылык баракчасы, (2020);
- Н.Исанов атындагы КМКТАУнун Ардак Грамотасы, (2019);
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тастыктамасы, (2019)
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ардак Грамотасы, (2017);
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ардак Грамотасы, (2015);
- «Ж.Баласагын атындагы КУУнун эӊ мыкты окутуучусу» Күбөлүгү №88/14, (2014);
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун Ардак Грамотасы, (2011).
- I даражадагы диплом - “ Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жылдын мыкты китеби” (2022).
Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
1.ORCID: https://orcid.org/0009-0000-6888-6539
2.Web of Science Researcher ID: ХТС-5857-2023
3. Scopus Author ID: Мээрим Сулайманкулова
4.РИНЦ Author ID: Мээрим Сулайманкулова
5. Google Scholar: Мээрим Сулайманкулова