Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илим-изилдөө иштер


     Окуу мезгилинде 100дөн ашык илимий макалалар, сөздүктөр, илимий эмгектер, анын ичинде борбордук (чет элдик) жана республикалык басылмаларда жарык көргөн. 5 жылдын ичинде илимий ишмердүүлүктүн ар түрдүү тармактарында – Филология, Саясат таануу, Психология, Этика боюнча көптөгөн илимий эмгектери жарык көрдү. Кафедра кандидаттык диссертацияларды талкуулоого үзгүлтүксүз катышат, алдыңкы уюм катары иштейт. 
     2020-жылдан баштап кафедра «Архитектура», «Экономика», «Программалоо» багыттары боюнча орус тилинде 3 методикалык иштелмелерди чыгарды. Авторлору: Хасанов Н.Б., Ашымова Ж.А., Рахманова Н.А. КГУСТАнын вестникинде университеттин 30 жылдыгына карата орус тилин окутуунун методикасы боюнча 4 макала КГУСТАнын «Вестник» гезитинде жарыяланган.      
     Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы бардык бекитилген дисциплиналар боюнча окуу-методикалык материалдарын иштеп чыккан. Филология илимдеринин кандидаты. доц. Бектурова К.А. орус тилиндеги онлайн сабактарда колдонулган автордук видеосабактарды иштеп чыкты. КГУСТА колледжи үчүн орус тили жана адабияты боюнча электрондук түрдө тесттер иштелип чыккан. Ошондой эле, Бектурова К.А., орус тилинен кирүү сынактары үчүн тесттик тапшырмаларды иштеп чыккан. Кафедранын электрондук китепканасында студенттер тарабынан эркин темада иштелип чыккан видеороликтер бар. Ага окутуучу Ашымова жана доц. Бектурова офлайн жана онлайн форматта аспиранттар – чет элдиктер жана чет өлкөлүк бакалавр студенттери үчүн «Ишкердик орус тили» жана «Чет элдиктер үчүн орус тили» предметтери боюнча сабактарды иштеп чыккан.