Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбиялык иштер


Тарбиялык иштер өзүнө студенттердин окуу тартибин жана эс алуусун сарамжалдуу пайдалануусуна жардам берүүнү, студенттердин социалдык турмуш-тиричилик керектөөлөрүн чечүүнү, ден соолукта жашоо үлгүсүн үгүттөөнү, мекенчилдикке тарбиялоону, улуттук салттарды сактоону, өз ара жардамдашууга, боорукердикке тарбиялоону, студенттерди маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга тартууну, студенттердин тартип бузууларын жоюу боюнча иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү, ишембиликтерге жана ЖОЖду, районду, шаарды өнүктүрүүгө  студенттерди тартууну ж.б. камтыйт.

Иштин бул блогу кураторлор, курстардын башчылары, деканат жана факультеттин бүтүндөй окутуучулары тарабынан ишке ашырылат. Мекенчилдикке тарбиялоо боюнча ишти факультет өлкөнүн Гимнин студенттерге үйрөтүү менен баштады. Күн сайын биринчи сабак КР Гимнин аткаруу менен башталат, анткени Гимндин тексти жана музыкасы эмоционалдуулук менен студенттердин патриоттук сезимин ойготот. «Ак калпак», Кыргыз тили майрамы боюнча иш-чараларга студенттерди активдүү катыштырууга аракеттер көрүлөт. Студенттер панфиловчу-баатырлардын эстелигине жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл коюшту, «Өлбөс полк», «Жеңиш вальсы» жүрүштөрүнө студенттердин активдүү катышуусу үчүн аракеттер жасалды.

Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалар көрсөтүлдү, «Айтматов жана анын чыгармалары» боюнча дубал гезиттер жасалды, «Айтматов жана мен» деген темада эссе жазышып, массалык акциялар уюштурулду. Ошондой эле, түрк тилдүү өлкөлөрдүн (ТюркПА)-Кыргызстандын, Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын Парламенттик ассамблеясынын парламентарийлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Түрк киносунун күндөрүнө  студенттер активдүү катышышты.

Маданий-массалык иш-чаралар

ТФнын студенттери факультеттин, университеттин, өлкөнүн маданий-массалык иш-чараларына активдүү жана уюшкандык менен катышып турат. Жыл сайын студенттердин чыгармачыл жамааты «Студенттикке кабыл алуу» конкурсунда, «Бишкек жазы», «Манастын урпактары» фестивалдарында, КВНдерде алдынкы орундарды ээлешет. ИКТ(б)-1-18 тайпасынын студенти Бекибаева Адеми «Алтын добуш КМТУ-2019» сынагында биринчи орунду жеңип алды.

Так жашоо үлгүсүн көрсөтүшөт: «Таза жашоо» үч айлык иш-чарасына 1-курстун 100дөн ашык  студенти катышты, Жеңиш аянтында уюштурулган «Ала качуу салт эмес, бул – кылмыш» флеш-мобго факультеттин 80ден ашык студенти катышты. Студенттердин театрларга, музейлерге жана көргөзмөлөргө, концерттерге баруусу уюштурулду.

2016, 2017-жылдардагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө 27 студент-волонтерлор катышты.

Студенттер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ACCENT «СВЕТ/ФОРМА» чыгармачыл тобунун Эл аралык көркөм көргөзмөсүн уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө  110дон ашык төмөнкүдөй эмгектер көрсөтүлдү: Кыргызстан жана Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живопистери, графикасы, айкелдери, ювелирдик иштери. Кураторлор менен бирдикте студенттер Кыргыз жана Орус драм театрларынын, Опера жана балет театрынын спектаклдерине барышты.

Факультетте 20 дай студен-спортсмендер, ар кандай денгээлдеги мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери окушат. Алар КМТУнун сыйлыктар кутусун гана эмес, Кыргызстандын сыйлыктарын көбөйткөнгө өз салымдарын кошушту. Алардын ичинде, Догдурбек уулу Эламан – Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Медет кызы Айпери – эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, Рыскулова Анара – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дзюдө боюнча күмүш медалынын ээси,  Эсенбек уулу Амангелди –  «Күрөш» боюнча 2018-жылдагы КР  чемпионатында 1-орундун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орундун жеңүүчүсү, Аязбекова Нуркыз – КР-2018 Универсиадасынын чемпиону жана КР ЖОЖдорунун, кытай мигранттарынын ортосундагы  достук турниринде биринчи орундун ээси, Ниязов Ислам – КР-2018 Универсиядасындагы эркин күрөш боюнча  1-орундун ээси ж.б.