Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Факультеттин тарыхы


Дипломдуу инженер-адистерди, ошондой эле бакалаврлар менен магистрлерди Политехтин башка алгачкы факультеттериндей эле 1954-жылы негизделген Технологиялык факультети даярдайт. Ал механика-технологиялык факультеттин «Эт жана эт азыктарынын технологиясы», «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы», «Консервалоо технологиясы»адистиктери менен инженерлерди даярдаган «Тамак азыктары» кафедрасы болуп көрсөтүлгөн.  1955-жылы кафедра Технологиялык факультет болуп негизделип, тамак-аш өндүрүшүндөгү инженер-технологдорду даярдап баштаган.

Көптөгөн жылдардан бери Технологиялык факультет-ФПИнин Орто Азия өрөөнүндөгү негизги окуу жана илимий борбору. «Консервалоо технологиясы» кафедрасы 1958-жылы түзүлүп, анын биринчи кафедра башчысы К.С. Чешев болгон да, ал кафедраны 20 жыл бою баштап келген.

1961-жылдан 1991-жылга чейин кооперативдик кабыл алуу менен тамак-аш адистерин жеке гана Кыргызстан үчүн эмес, ошондой эле Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанга да даярдап келген. Жашоо тиричилигинин суроо-талабына ылайык даярдоо адистиктеринин да саны көбөйүп, төмөнкү адистиктер менен инженерлерди даярдоо башталат: «Шарап жана тамакконцентраттардын технологиясы», «Стандартташтыруу жана сертификациялоо» ж.б. Ушул кафедранын негизинде 1978-жылдан тартып 1982-жылга чейин «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча кадрларды даярдоо башталат.

Бүткүл союздук тамак-аш өндүрүшү сырттан окуу институтунун Бишкектеги филиалынын жабылышы менен «Нан, макарон, кондитер азыктарын өндүрүү технологиясы», «Шекер жана шекердүү азыктардын технологиясы», «Май жана маргарин азыктарынын технологиясы» адистиктери боюнча студенттерди да факультеттин кафедралары даярдай баштайт.

«Тамак-аш өндүрүшүндөгү машинелер жана шаймандар», азыркы учурдагы «Тамак-аш инженериясы» кафедрасы 1963-жылы негизделген (кафедра башчысы В.Г. Абдюшев, кийин Ф.Е. Дыченко). Кафедра өлкөнүн тамак-аш өндүрүшүнө инженер-механиктерди даярдоону жүргүзөт.

Негизделгенден баштап факультет, жеке гана айыл-чарба азыктарын иштеп чыгуу өндүрүшүнө эмес, ошондой эле сатууга, жеңил өнөр-жайына жана туризмге керектүү жогорку квалификаялык адистерди даярдоо мамлекеттик саясий алкакты көздөгөн, алдыңкы окуу жана илимий борбор ордун сактап калуу максатында бир нече жолу ич ара өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Мисалы 1983-жылы бириктирүүдөн соң «Эт жана эт азыктарынын технологиясы», «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча инженер-технологдорду даярдап келген «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасы түзүлгөн. Ушул эле кафедрада 2012-жылы «Биотехнология» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо башталган.

1987-жылы Кыргыз ССРинин Билим берүү министирлигинин буйругу менен алгач «Тигүү буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо» кафедрасында, андан соң 1991-жылы «Булгаары буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо» кафедрасында тигүү өнөр-жай адистерин даярдоо башталат.  Кийин бул эки кафедра кошулуп, азыркы «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасы түзүлөт.

Дал ушул кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн, технолог жана конструкторлордун арты менен Кыргызстандын жеңил өнөр-жайы эл аралык деңгээлге чыкты.

1995-жылдан тарта «Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо» адистиги боюнча кабыл алуу башталат. Бул аталыштагы кафедра 2009-жылы ачылып, профессионал модельерлерди даярдай баштайт.

Ушул эле кафедранын негизинде «Дизайн» адистиги боюнча студенттерди даярдоо жүргүзүлөт.

Факультеттин негизги бөлүгү болуп, табыгий илимдер алкагындагы технолог-студенттерди даярдоодогу түркүк болгон «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасы эсептелет.

2018-жылы «Дизайн жогорку мектеби» кафедрасы түзүлүп, «Дизайн» багытындагы «Графикалык дизайн», «Чөйрөнүн дизайны», «Кийимдин дизайны» профилдери боюнча билим берүү программаларын (бакалавриат) алып баруу берилген. Кафедраны доцент К.К. Коеналиев башкарат.

Факультеттин өнүгүшүнө аны ар кайсы мезгилде жетектеген декандар чоң салым кошушкан. Алар Потоцкий М.Г. (1954–58 жж.), Дыченко Ф.З. (1958–63 жж.), Корчагин Н.К. (1963-66 жж.) Омурзаков Д.О. (1966–71 жж.), Баткибекова М.Б. (1971–77 жж.; 1986–90 жж.), фундаменттүү илимдер факультетинин деканы (1993–99 жж.), Усенбаев К.У. (1977–81 жж.), Садыров О.А. (1982–86 жж.), Байгазиева М.Д. (1990–92 жж.), Супонина Т.А. (1995–2000 жж.), Кулмурзаев А.К. (2000–02 жж.). 2004-жылдан азыркы убакка чейин декан болуп Джунушалиева Т.Ш. эмгектенет.

Факультеттин өнүгүшүнө профессор М.Б. Баткибекованын зор салымын баса белгилесе болот. Пловдив университетинин бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин доктору, профессор, ИИХТИнин мүдүрү, Эл аралык инженердик академиянын академиги өзүнүн жогорку профессионалдуулугу менен окутуучулардын жамааты жана студенттердин сыйын жана урматтоосун алды.

Факультеттин көрүнүктүү демөөрчүсү анын бүтүрүүчүсү, азыр «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лабораторис» ЖКУумун вице-мүдүрү, философиянын PhD доктору, И. Раззаков атындагы КМТУнун «Сыйлуу профессору» Садыров О.А. болду. Ал лабораториялык базаны жаңылантууга зор салым кошуп: техникалык гранттын каражаты болгон 250 миң $ дан ашкан суммага компьютердик класс жана Thermo Jarrell Ash спектометр алынды.

И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүндөгү окуу-практикалык борбор «Технолог» Дүйнөлүк банктын жана Жапон өкмөтүнүн каражат колдоосу менен «Агробизнес жана маркетинг» долбоорунун алкагында 2013-жылы ачылган.

«Технолог» ОПБнун материалдык-техникалык базасы: 4 окуу-өндүрүш цехинен (эт, сүт, жашылча жана жемиш өндүрүү цехтеринен, нан, макарон, кондитердик азыктарын өндүрүү цехинен), 3 лабораториядан (химиялык, микробиологиялык, сенсордук), 2 окуу аудиториясынан, китепканадан жана дүкөндөн турат.

 

Факультет негизделгенден тарта анын өнүгүү боюнча биринчи максаты факультеттин билим берүү программаларын мыктылоо, окуу процессинин жогорку сапатын камсыздоо, өрөөндөгү жана өлкөдөгү билим берүү алкагындагы алдыңкы орунга жетишүү болуп келген.

Технологиялык факультет бүгүн да өзүнүн динамикалык өнүгүүсүн улантып келет. Ал ар дайым жаңыланып турат. Кыргызстан тамак-аш, жеңил өнөр-жай өндүрүшүн, сатуу сферасын, коомдук тамактануу системасын көтөрчү жана өнүктүрчү билимдүү кадрларга муктаж. Дал ушундай бүтүрүүчүлөрдү Технологиялык факультет даярдайт.